Туйгунаалы Абдраимов “БШКнын мүчөлөрүнүн үчтөн экиси мени отставкага кетире алат” деди
“Борбордук шайлоо комиссиясынын үчтөн экиси мага ишеним көрсөтпөсө, мени отставкага
кетирүүгө болот”,- деди ЖКнын 13-февралдагы жыйынында БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов.
Муну парламент жыйынында депутат Абдыманап Кутушев да сунуштады. Буга
чейин депутаттар БШКнын төрагасын иштен алуу маселеси Конституцияда,
мыйзамдарда каралбаганын айтып келишкен. “БШК -коллегиялык орган. Комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн
экиси ишеним көрсөтпөй коюу менен мени отставкага кетире алат”,- деди журналисттерге Абдраимов.