Муфтияттын алдындагы “Халал” сертификациялоо жана стандартташтыруу комитетинин кызматкерлери жумуштан алынды. Бул тууралуу муфтияттын иш башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Нурдинов билдирди.
Анын айтымында, аталган комитет 2012-жылы муфтиятка пайда алып келүү максатында түзүлгөн. Бирок эч кандай пайда түшкөн эмес. Ал жакта иштеген кызматкерлер муфтияттын эсебинен айлык алып турушкан. Жумуштан бошотулгандардын арасында комитетти жетектеп келген Мыктыбек ажы Арстанбек да бар.
“Мындай чечимди Уламалар кеңеши чыгарган. Кызматкерлер жумуштан алынганы менен, “Халал” сертификациялоо жана стандартташтыруу комитети иштей берет. Кандай негизде, кандай шартта иштейт, ал муфтий шайлангандан кийин белгилүү болот”,- деди муфтияттын иш башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Нурдинов.