Орусиянын аймагында эмгектенген мигранттар ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу үчүн полистерди почта бөлүмдөрүнөн алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, долбоор Орусиянын эң ири 6 аймагында: Москва, Новосибирск, Ростов, Челябинск облустарында, Пермь крайында жана Татарстан Республикасында иштей баштады. Бул кызматтан 18ден 65 жашка чейинки чет өлкөлүк жарандар колдоно алышат.
“Аталган полис күйүү, уугуу, жаракат алуу жана үшүккө алдыруудан дарылануунун чыгымдарын камсыздайт. Камсыздандыруунун жогорку суммасы 100 миң рубль. Полистин баасы үч айга 599 рублга барабар, аны алыш үчүн миграциялык күбөлүктү көрсөтүш керек”,- деп жазышты басылмалар.
Маалым болгондой, жакында мигранттар үчүн медициналык камсыздандыруу полистери милдеттүү болушу мүмкүн. Бул демилгени ишке ашыруу үчүн тиешелүү мыйзам кабыл алынышы зарыл.