Депутаттар убагында Жантөрө Сатыбалдиев жетектеп турган дирекциянын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын отчётун укканы жатышат
Бүгүн, 13-февралда парламентте Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын маалыматы угулат. Айта кетсек, бул дирекцияны учурунда азыркы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жетектеп турган. 2013-жылдын 18-апрелинде түзүлгөн комиссия дирекциянын ишинде көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун аныктады. Айта кетсек, дирекция 2010-жылдагы Ош жана Жалал-Абад окуяларынан кийин түзүлүп, иш жүргүзгөн.