Кечээ, 12-февралда Жалал-Абад шаардык мэриясынын кичи жыйындар залында аялдар кеңешинин катышуусунда тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Иш-чаранын максаты - чет мамлекеттерге чыгып жаткан ишкер аялдарды колдоо. Анда банк кызматкерлери менен биргеликте мындан ары да тегерек стол өткөрүү маселеси каралды.
“Биз жылына 5 жолу чогулуп, ар кандай маселелерди талкуулайбыз. Негизи, максатыбыз - ишкер аялдарга ар тараптан колдоо көрсөтүү. Мисалы, кол өнөрчүлүгү менен Америкага барган аялдар бар, өз күчү менен китеп чыгарып жаткандар жок эмес. Ошол себептен банк кызматкерлери менен биргеликте тегерек стол уюштуруп, алардын да сунушун угуп, мындан ары биргеликте иштешүү жана насыя алуу, аны пайдалануу боюнча да кеңештерин уктук”,- деди Жалал-Абад шаардык аялдар кеңешинин төрайымы Турдукан Аманова.