Ош шаарынын Жаштар комитети футбол боюнча достук мелдешин өткөрөт. Бул тууралуу 13-февралда мэриянын басма сөз катчысы Элзат Абдраимова билдирди.
Маалыматка ылайык, шаарыбыздын келечек муундары болгон жаштар арасында дене тарбия, спортту өнүктүрүү максатында аталган иш-чараны өткөрүү пландалууда.
Мелдеш 25-26-февраль күндөрү саат 11:00дө "Дельфин" жашыл аянтчасында орун алат.
Ага орто мектептердин 15 жаштан 18 жашка чейинки жаштары катыша алышат.