Эртең, 14-Февраль - Сүйүшкөндөр күнүндө Бишкектеги Бакыт өргөөсүндө сүйүүлөрүн мыйзамдаштырууга 16 арыз түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул күнү турмуш жолуна аттангандардын саны боюнча бул кадимки көрсөткүч. Негизи, 14-февралда нике тууралуу күбөлүк алгандардын саны боюнча алдынкы көрсөткүч 2009-жылы катталган. Анда 23 түгөй Бакыт өргөөсүнүн босогосун аттаган. Ал эми 2005-жылы жана 2012-жылы эң аз сандагы үлпөт катталган. Бул жылдары бирден гана каттоолор ушул өргөөдө болгон. Кошумчалай кетсек, 2006-жылы 2, 2007-жылы 13, 2008-жылы 5, 2010-жылы 22, 2011-жылы 6 жана 2013-жылы 11 түгөй катталган.