2013-жылы "Милдеттүү медициналык камсыздандыруудагы мамлекеттик кепилдик" программасына 10,2 миллиард сом сарпталды

2013-жылы "Милдеттүү медициналык камсыздандыруудагы мамлекеттик кепилдик" программасына 10 миллиард 204 миллион сом сарпталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда КРнын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Гүлмира Шакирова билдирди. 
Анын айтымында, мамлекеттик кепилдик үчүн республикалык бюджеттен каралган каражаттан 78 пайыз же 7 миллиард 995,1 миллион сом багытталган. Анын 1 миллиард сому жергиликтүү бюджеттен каралган. Калган каражат калкка кошумча төлөм катары берилген. 
Аталган фонд 4 миллионго жакын адамды медициналык жардам менен камсыздайт. Алардын басымдуу бөлүгү пенсионерлер, 16-18 жашка чейинки балдар, дыйкандар камсыздандыруу боюнча атайын документ алышат. Качкындарга Бириккен Улуттар Уюмунун атайын башкармалыгынан взнос түшүп турат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан