Мыктыбек ажы Арстанбек: "Халал” сертификациялоо жана стандартташтыруу комитети муфтияттын курамынан бөлүндү"

Муфтияттын алдындагы “Халал” сертификациялоо жана стандартташтыруу комитети пайда алып келүү максатында түзүлгөн эмес. Бул тууралуу аталган комитеттин мурдагы жетекчиси Мыктыбек ажы Арстанбек бүгүн, 13-февралда билдирди. Анын айтымында, комитеттин максаты адал индустриясын өнүктүрүү болгон.

“Халал” сертификациялоо жана стандартташтыруу комитети муфтияттын курамынан бөлүнүп жатат. Муфтият - руханий ишкана. Ал эми биздин иш өндүрүштүк жумуштар менен тыгыз байланышта болгондуктан, бөлүнүп чыгууга туура келди. Мындан улам мурда муфтияттан айлык алып келген кызматкерлер жумуштан бошотулушкан. Бирок комитет мурдагыдай эле иштей берет”,- деди Мыктыбек ажы Арстанбек.

Эске сала кетсек, кечээ, 12-февралда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирүү тараткан эле. Анда муфтияттын алдындагы "Халал" сертификациялоо жана стандартташтыруу комитетинин кызматкерлери жумуштан бошотулганы айтылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан