Мектептерде 14-Февраль - Сүйүү күнүн белгилөөгө убакыт жок. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов билдирди.
Ал өз сөзүндө Сүйүү күнүн белгилөөнүн ордуна окуучулар үчүн пайдалуу иш-чаралар өткөрүлөрүн белгилеп өттү.
"Советтер Союзунун жоокерлеринин Ооганстандан чыгарылгандыгына быйыл 25 жыл болду. Буга байланыштуу шаарда чоң салтанат белгиленгени турат. Ошого биз мектептерде 14-15-февраль күндөрү жолугушуу уюштуруп, Ооган согушуна катышкан ардагерлерибизди чакырып, салтанаттуу азем өткөрүүнү пландап жатабыз. Ал эми Сүйүү күнүн өткөзүүгө бизде убакыт жок",- деди Кимсанов.