Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясындагы мыйзам бузуулар боюнча прокуратура иликтөө жүргүзүшү керек. Муну парламенттин 13-февралдагы жыйынында бир катар депутаттар айтышты. Абдрахман Маматалиев: "Дирекциянын ишинде баштан аягына чейин мыйзам бузуу. Анын баарын айтып берүүгө убакыт жетишпейт",- деди. Муну депутаттар Туратбек Мадылбеков менен Анвар Артыков да колдоп, материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берүү керектигин айтышты.
Айта кетсек, жыйында аталган дирекциянын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы каралууда. Мекемени убагында азыркы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев башкарып турган.