Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын мурунку башчысы: “Депутаттык комиссия бир тараптуу жыйынтык чыгарды”

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишин иликтеген депутаттык комиссия бир тараптуу жыйынтык чыгарды. Муну аталган дирекциянын мурдагы башчысы (Ж.Сатыбалдиевден кийин дайындалган) Жусупжан Жээнбеков билдирди.

“Комиссиянын мүчөлөрү иликтөөнү баштаганда "биз сот эмеспиз, териштирип, иликтеп чыгабыз" дешкен. Жыйынтыгында андай болгон жок. Бир жактуу гана маалымат берилүүдө”,- деди ал.

Айта кетсек, жыйында аталган дирекциянын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы каралууда. Дирекция бир нече миллиондорду дайынсыз короткону айтылды. Мекемени убагында азыркы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев башкарып турган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан