Бүгүн, 13-февралда Жалал-Абад облустук китепканасында аймактагы китепкана кызматкерлери жолугушту. Анда айыл жерлериндеги китепканаларга интернет-китепкана окуу борборун түзүү керектиги талкууга алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Учурда интернет колдонуучуларынын саны күндөн-күнгө көбөйүп, акыркы убакта китеп окуган окурмандар азайганына басым жасалды. 2014-жылы облус боюнча 100дөн ашуун китепканага интернет орнотулуп калса, кийинки жылдан тартып калган китепканаларда колдонуучуларга заманбап шарттар түзүлөрү айтылды.
Катышуучулар электрондук маалымат алмашуу китепкана кызматкерлеринин кесиптик билимин жогорулатарын жана ишти жеңилдетерин баса белгилешти.