Назарали Арипов: “Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын ишин иликтөөдө коркутуулар болду” 

“Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын ишин иликтөө учурунда депутаттык комиссиянын мүчөлөрүнө коркутуулар болду”,- деди ЖКнын 13-февралдагы жыйынында комиссиянын мүчөсү, депутат Назарали Арипов. Айтымында, депутаттык комиссия айрым документтер менен тааныша алган жок. Комиссиянын ишине тоскоолдук болгонун комиссиянын башка мүчөлөрү да айтышты. Анвар Артыков буларды кошумчалады: “Биринчи жолу депутаттык комиссиянын бардык мүчөлөрү чечимге кол коюп жатышат. Дирекциянын ишинде мыйзам бузуулар толтура. Кичинекей жерди сатып алууга миллиондогон сомдор жумшалган”.

Аталган дирекциянын мурдагы башчысы Жусупжан Жээнбеков комиссияга эч кандай коркутуу болбогонун билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан