Тажикстан: “Кыргыз тараптын жолдорду жапканы өздөрүнүн жарандарына зыян”

Бүгүн, 13-февралдагы маалымат жыйынында Тажикстандын транспорт министри Хайрулло Асозода “Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жолдун жабык турганы кыргыз тараптын өзүнө зыян келтириши мүмкүн” деп билдирди. Бул тууралуу тажик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Министрдин айтымында, 2014-жылдын 11-январында кыргыз-тажик чек арасында болгон окуядан кийин кыргыз тарап жолдорду жаап, эми өкүнүп жатат. “Тажик ишканаларынын 34,4 пайызы гана жабылган жолдор менен жүктөрдү ташып келген. Көбүнчө ушул жолдор менен кытай жана кыргыз жүк ташуучулары каттачу. Ушул маселе 14-февралда Бишкекте талкууланат”,- деди Хайрулло Асозода.

Мындан сырткары жолугушууда Кыргызстандын аймагында жайгашкан Ходжайлоо жана Ворух анклавдарын бириктирген жол курууну талап кылгандыгын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан