Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюу иши Өмүрбек Бабанов премьер-министр болуп турган учурда башталган. Муну бүгүн, 13-февралда ЖКнын жыйынында аталган дирекциянын директорунун мурдагы орун басары Кааданбай Бактыгулов билдирди. Айтымында, дирекция 2010-жылы 30 айга пландалып түзүлгөн.
“Дирекция 30 айдан кийин жоюлду. Аны жоюу иши азыркы премьер-министр келгенден кийин башталды деген туура эмес. Дирекция 34 көп кабаттуу үй курду, анын 27си Ош шаарында, калганы Жалал-Абадда. Мамдирекция өз милдетин так аткарды”,- дейт Бактыгулов.
Айта кетсек, аталган дирекция 2010-жылы түзүлүп, 2013-жылдын январь айында жоюлган. Аны 2010-2011-жылдары учурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, андан кийин саясий ишмер Жусупжан Жээнбеков жетектеп турган.