Жалал-Абад. Жашы жетпеген өспүрүмдөрдүн арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш-чара өтүп жатат

Жалал-Абад шаарында 2014-2016-жылдарга карата жашы жетпеген өспүрүмдөрдүн арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча шаардык комплекстүү программанын алкагында өткөрүлүп жаткан 10 күндүк иш-чара бүгүн, 13-февралда Жалал-Абад шаарындагы №9-Раатбек Санатбаев атындагы мектепте улантылды.

Аталган иш-чарага 5-11-класска чейинки окуучулар катышып, “Биз кылмыштуулукка каршыбыз” деген аталышта дил баян жазышкан. Эң мыкты деп табылган дил баян ээлерине атайын дипломдор тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

“Мындай иш-чараларды жаштар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында уюштуруп жатабыз",- деди Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык бөлүмүнүн жетекчиси Гүлина Базаркулова.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан