Ош. Шайлообек Атазов "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунан балдардын тамак-ашына акча бөлүп берүүнү суранды

Бүгүн, 13-февралда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратында экс-президент Роза Отунбаева, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов жана Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн орун басары Ахматжан Махаммадовдун катышуусунда жыйын болуп өттү. Анда райондордогу айылдардын турмушун жакшыртуу, жайлоого бала бакча керектиги туурасында сөз болду.

Ош шаардык кеңешинин депутаты Шайлообек Атазов экс-президент Роза Отунбаевага кайрылып, билим берүү тармагынан окуучулардын тамагы үчүн бөлүнгөн 7 сом аз экенин айтты. 

"Бул акчага сиз айтып өткөн ысык чай менен катыган токоч келет экен. Ош шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан жергиликтүү бюджеттен тамак-ашка кеткен 7 сомго 3 сом кошуп берели деп жатабыз. Бишкек шаарында окуучулардын тамак-ашы үчүн 15 сомго чейин кетет экен. Балдардын тамак-ашына бөлүнгөн каржатты 10 сомго көтөрсөк, сиздин фонддон да акча бөлүп бере аласызбы? Ошондо окуучулар Бишкектин деңгээлинде тамактанып калышат беле?"- деди депутат. 

Роза Отунбаева өз сөзүндө фонддон акча бере албасын айтты.  

"Мен мамлекет тармагында иштебейм. Фонд ар тараптуу колдогондордун демилгеси менен каржыланат. Менде эч кандай ашыкча акча жок, сиз айткан сунушту колдой албайм",- деди Отунбаева.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан