Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын Байкоочу кеңеши 30 айда 6 жолу жыйын өткөргөн
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын Байкоочу кеңеши дирекция иштеген 30 ай ичинде 6 жолу жыйын өткөргөн. Анда дирекциянын каржы-чарбалык иштери талкууланган. Бул тууралуу дирекциянын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгына билдирген каршы пикирде айтылат. Байкоочу кеңештин жыйындары экс-премьер-министрлер Амангелди Муралиев, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов жана азыркы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин жетекчилиги астында өткөн. "Байкоочу кеңешке мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, бейөкмөт уюмдардын, Куруучулар союзунун жана ММК өкүлдөрү киришкен",- деп жазылат маалыматта.