“Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы 43 сотых жерди 99 миллион сомго сатып алган. Документте Мамлекеттик каттоо кызматынын мөөрү турат. Анан кантип муну четке кагат?”- деди ЖКнын 13-февралдагы жыйынында депутат Анвар Артыков.
Аталган дирекциянын мурдагы башчысы Жусупжан Жээнбеков бул маалымат туура эмес экенин айтты. “Техникалык ката кеткен. 99 миллионго сатылып алынган жерге 16 миллион сомго көп кабаттуу үй курууга мүмкүн беле?”- деди Жээнбеков.