2013-жылы
Кыргызстандын түндүгүндө ун, өсүмдүк майын өндүрүү төмөндөгөн. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жалпысынан азык-түлүктөрдү өндүрүүнүн көлөмү ичимдиктерди кошкондо 125,1 пайызды түзгөн. 2013-жылы сыр азыгы 48,3 пайыз,
колбаса 38,8 пайыз жана нандын чыгарылышы 8,9 пайызга өскөн. Мындан сырткары
тигүүчүлүк тармагындагы өндүрүш 2 миллиард 147,1 миллион сомго барабар болгон. Алардын
физикалык көлөмүнүн индекси 94,4 пайызды түзгөн.