Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө байланыштуу 24-февраль эс алуу күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 23-Февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнү дем алышка туш келген. Эмгек кодексине ылайык, майрам күн дем алышка туш келип калса, анда кийинки жумуш күнү эс алуу күнү болот.