Жантөрө Сатыбалдиев: “Ош окуясынан кийин курулган үйлөрдө кемчиликтер болушу мүмкүн”

2010-жылдагы Ош окуясынан кийин курулган көп кабаттуу үйлөрдө кемчиликтер болушу мүмкүн. Анткени шашылыш курулган. Муну бүгүн, 13-февралда ЖКнын жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Айтымында, ал үйлөр сейсмологиялык талаптарга жооп берет.

“Ал учурда кырдаал оор болчу, көчөдө калган элди үйлөргө киргизүү керек эле. Үйлөрдүн шыбагы көчүп калышы мүмкүн. Аларга 1 жылдык кепилдик мөөнөтү берилген”,- деди Сатыбалдиев.

Жыйында айрым депутаттар “7 миллиард сомго Ош шаарына заманбап үлгүдөгү сапаттуу үйлөрдү курса болот эле. Курулган үйлөр 1 жылга жетпей урап жатат”,- деп айтышты.

Айта кетсек, жыйында аталган дирекциянын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы каралууда. Мекемени убагында азыркы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев башкарып турган.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан