Орусия Мамлекеттик Думасы: "Мигранттар иштөө максатын көрсөтүүгө милдеттүү болушу керек" деген сунуш айтылды

Орусия Мамлекеттик Думасында "мигранттар иштөө максатын көрсөтүүгө милдеттүү болушу керек" деген сунуш айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Депутаттар тарабынан Орусияга барчу чет өлкөлүк мигранттар эмгектенүү ниетин милдеттүү түрдө каттоо боюнча мыйзам долбоору даярдалган. 

Маалыматка ылайык, эгер мигранттын миграциялык күбөлүгүндө “эмгектенүү” деген жазуу максат катары катталбаса, анын Орусия аймагында иштегенине тыюу салынат.

“Москванын Бирюлёво районунда болгон тополоңдон кийин Орусиядагы эмгек мигранттарына көңүл бурулду. Күч органдары рейддерди жүргүзүп, Мамлекеттик Думанын депутаттары мигранттарга байланыштуу бир нече чектөөлөрдү сунушташты”,- деп жазышты басылмалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан