КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 13-февралда Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын атайын өкүлү, БУУнун Борбор Азия өлкөлөрү үчүн превентивдүү дипломатиясы боюнча аймактык борборунун башчысы Мирослав Енча менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Төрага өлкө жетекчилигинин иши Кыргызстанда туруктуулукту, калк ынтымагы менен ырашкерликти андан ары бекемдөөгө, эл аралык өнөктөштөр менен өз ара алакасын өнүктүрүүгө багытталганын билдирди. Мындан сырткары мамлекеттик башкаруу органдарын реформалоонун жүрүшү, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясы тууралуу айтып өттү.
Мирослав Енча БУУнун аймактык борборунун первентивдүү дипломатия боюнча иши мамлекеттердин ортосундагы ишеним чаралары менен кызматташтык мамилелерди чыңдоого багытталганын айтты. Кыргызстандагы саясий кырдаалга токтолуу менен ал өлкөдө ынтымак менен ырашкерликтин сакталуусу баарыдан мурда кыргызстандыктардын эмгеги экенин билдирди.
Ошондой эле Кыргызстанда 2010-жылдан башталган кайра куруу жүрүмүн, парламенттик демократияны калыптандыруу жүрүшүнүн натыйжаларын канааттануу менен белгиледи. Дипломат Этникалар аралык ынтымак концепциясынын кабыл алынышын анын алгылыктуу мисалдарынын бири катары келтирди.
Өлкөдө Тынчтыкты сактоо фондунан 15 миллион доллар каражат бөлүнүп, ал өлкөдө туруктуулукту сактоо чараларына багыттала турганын айтты.
Жолугушууда тараптар Кыргызстандагы шайлоо тутумун өркүндөтүү маселесин ырааттуу талкууга алышты. М.Енча 2015-жылдагы парламенттик шайлоолор калктын бийликке карата ишенимин жогорулатууга, өлкө калкынын биримдигин бекемдөөгө түрткү берген иш-чаралардан болуусун каалады. Ал БУУ башка донорлор менен бирге өлкөнүн шайлоо тутумун өркүндөтүүгө жана калыс, ачык-айкын өткөрүүгө кол кабыш кылууга даяр экенин баса белгиледи. Андан тышкары чек арадагы абал, аймактагы, анын ичинде Ооганстандагы кырдаал тууралуу пикир алышты.