Депутаттар Жантөрө Сатыбалдиевге 3 айга кызматтан кете турууну сунушташты

Парламенттин 13-февралдагы жыйынында депутат Бөдөш Мамырова Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын ишин калыс иликтөө үчүн Жантөрө Сатыбалдиевге 3 айга кызматтан кете турууну сунуштады. “Убагында дирекцияны жетектеп тургансыз, азыр өкмөт башчысы болуп отурасыз. Сиздин кол алдыңызда иштегендер дирекция боюнча туура сөзүн айта албай жатышат”,- деди Мамырова.

Жантөрө Сатыбалдиев кысым көрсөтүү болбогонун айтып, “мен бир нерсе десем, айтышсын” деди.

Айта кетсек, жыйында аталган дирекциянын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы каралууда. Мекемени убагында азыркы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев башкарып турган.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан