Жантөрө Сатыбалдиев "убактылуу кызматтан кете туруңуз" деген депутаттарга жооп берген жок

Жогорку Кеңештин 13-февралдагы жыйынында бир катар депутаттар өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге убактылуу кызматтан четтей туруу сунуштарын айтышты. Муну депутаттар Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын ишине укуктук баа берүү менен байланыштырышып, "сиз өкмөт башчы болуп турганда кол алдыңыздагылар дирекция боюнча так маалымат бербейт" дешти өкмөт башчыга. Башка сындарга, айыптоолордун бирин калтырбай жооп берүүгө үлгүрүп жаткан Сатыбалдиев бул сунушка негедир жооп бергиси келген жок. Унчукпай кутулду. Парламентте бүгүн аталган дирекциянын ишин текшерген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы талкууланды.
Эскерте кетсек, "Кумтөр" маселеси каралып жаткан күндөрү өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев "Кумтөр" боюнча үлүштү 67 пайызга жеткирүү мүмкүн эмес экенин, эгер 67 пайызга жеткирем деген бирөө чыкса, ордун бошотуп бере турганын бир нече жолу айткан. Парламенттин 6-февралдагы жыйынында депутат Алымбеков: "Мен үлүштү 67 пайызга жеткирем. Мага премьерликтин кереги жок, вице-премьерлик статус бергиле, 1 жылда үлүштү 67 пайыз кылам, анте албасам мени камасын",- деп билдирүү жасаган.

Бул ортодо "Республика" фракциясы да азыркы өкмөт кетсе, үлүштү 67 пайыз кылууга мүмкүн экенин жарыялады. Бирок Сатыбалдиев "67 пайыз кыла алам деген адам чыкса, ордумду бошотуп берем" деген сөзүнө турган жок.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан