Парламенттин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитети бүгүн, 14-февралда Бишкекте, 17-февралда Ош шаарында тегерек стол уюштурат. Иш-чарада “КРнын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун жана “Кыргызстандагы судьялардын статусу жөнүндө” КРнын Конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору талкууланат.
ЖКнын маалымат кызматы билдиргендей, 18-февралда Ош облусундагы соттордун имараттарынын абалын текшерүү боюнча комитеттин көчмө жыйыны өтмөкчү.