Бүгүн, 14-февралдагы маалымат жыйынында КРнын Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Исхак Масалиев “мен патенттин баасынын көтөрүлүшүнө каршымын” деп билдирди.
“Инфляциянын деңгээли бир орунда турбайт. Ал өскөндө патенттин да баасы өсөт. Бирок “Дордой”, “Кара-Суу”, “Мадина” базарларында сатуучуларга патенттин баасы кымбаттабайт”, - деди Масалиев.
“Ушул маселе боюнча коррупция көйгөйү өтө курч болуп турат. Базардын сатуучусу салык инспекторуна мыйзамдуу 4 миң сомду төлөгөндүн ордуна, 2 миң сом пара берет. Ушул коррупцияны жоюш үчүн базарларга банк терминалдарын коюуну сунуштайм. Бул демилгени ишке ашырыш үчүн банктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүңөр керек жана базарлардын аймагында терминалдар үчүн жер тилке бөлүп беришиңер зарыл”,- деп кайрылды сатуучуларга Исхак Масалиев.