Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пулдун өлчөмү 500 сомго чейин жогорулатылды. Бул тууралуу социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди.
Анын айтымында, 2011-жылы мамлекет тарабынан кепилденген жөлөк пулдун өлчөмү 370 сомду түзсө, 2013-жылдын 1-ноябрынан тартып 640 сомго чейин көтөрүлгөн.
“Мындай жогорулатуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жакшы көмөк болот деп ишенем. Биз
жөлөк пулду көбөйтүп гана тим болбостон, алардын даректүү жетүүсүнө өзгөчө басым жасап жатабыз. Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 2012-жылга салыштырмалуу 2,1 пайыз төмөндөгөн”, - деди министр Кудайберген Базарбаев.
Айта кетсек, бүгүн, 14-февралда КРнын Социалдык өнүгүү министрлигинин коллегиялык жыйыны өтүүдө.