Бүгүн, 14-февралда Мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында Кыргызстан менен Тажикстан өкмөт өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү өтүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Эки өлкөнүн делегациясын вице-премьер-министрлер Токон Мамытов жана Муродали Алимардон жетектешүүдө. Сүйлөшүүдө Бишкекте 30-31-декабрдагы макулдашуулардын иш жүзүндө аткарылып жатышы талкууланат. Мамытов Кыргыз Республикасы чек ара маселесин сүйлөшүүлөр менен чечерин белгилеп өттү.