Социалдык өнүгүү министрлиги: Акыркы үч жылда улуттук асыроого 3782 бала берилген

Акыркы үч жылда улуттук асыроого 3782 бала берилген. Бул тууралуу социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Анын айтымында, чет өлкөлүк жарандарга 9 бала асыроого берилген. Бул асыроого алынган балдардын 0,2 пайызын түзөт.

“Биз чет өлкөгө асыроого берилген балдардын тагдыры тууралуу эл менен бирге так билүү үчүн министрликтин демилгеси менен биринчи жолу 2013-жылдын 12-октябрында Кыргызстандан бала асырап алган Америка Кошмо Штаттарынын жарандары менен телекөпүрө өткөрдүк. Мындан соң Социалдык өнүгүү министрлиги эл аралык балдарды асыроого керектүү документтерди гана даярдайт. Ал эми баланы асыроо боюнча чечимди сот гана кабыл алат. Бул дагы коррупция менен күрөшүү үчүн жасаган аракетибиздин бир бөлүгү десем болот”,- деди министр Кудайберген Базарбаев.

Айта кетсек, бүгүн, 14-февралда КРнын Социалдык өнүгүү министрлигинин коллегиялык жыйыны өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан