Жылдан-жылга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны өсүп барат. Алсак, 2010-жылы 133 миң адам болсо, ал көрсөткүч 2014-жылдын 1-январына карата 155 688 адамды түздү. Бул тууралуу социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди.
“Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар дуушар болуп жаткан эң негизги көйгөйлөрдүн бири - медициналык-социалдык жаатындагы иштер. Мурда Медициналык-социалдык экспертизациялоо комиссиясы майыптуулук тобун берип келген. Азыркы жүргүзүлүп жаткан жаңы принцип боюнча, бул майыптуулук тобун жоюу менен ар бир ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын эмгекке болгон жөндөмү пайыздык чен менен аныкталат”,- деди министр Кудайберген Базарбаев.
Айта кетсек, бүгүн, 14-февралда КРнын Социалдык өнүгүү министрлигинин коллегиялык жыйыны өтүүдө.