Ырысбек Абдурасулов: "Кыргызстандагы ички дүң продукциянын өсүшүнө митингдер да коркунуч жаратат"

Кыргызстандагы ички дүң продукциянын өсүшүнө митингдер менен бейстабилдүүлүк коркунуч жаратат. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралдагы маалымат жыйынында айыл чарба илимдеринин доктору Ырысбек Абдурасулов билдирди. 
Ал мамлекеттин агрардык өлкө экенин айтып, ички дүң продукциянын 20 пайызы айыл чарбасынан түшөрүн кошумчалады. “Азыркы тапта калктын 40 пайызы ушул тармакта эмгектенет. Ал эми 70 пайызга жакыны айыл жергесинде жашап турушат. Жаз жакындап келе жатат. Бирок өлкөдөгү кырдаал бул багытка оң таасирин тийгизет деп айтуу кыйын. Адамдар митингдерди, жол тосууларды уюштуруп, дыйкандарга акча берип, ошол жакка чакырышууда. Мындай көрүнүш баалардын көтөрүлүшүнө жана толкундоолорго алып келет”,- деди ал. Мындан сырткары дыйкандарды чагымчылдыкка алдырбоого чакырды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан