Алмазбек Атамбаев Совет аскерлеринин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 25 жылдыгы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Совет аскерлеринин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 25 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Куттуктоонун тексти: 

“Урматтуу мекендештер!

25 жыл мурун советтик аскерлер Ооганстандан толугу менен чыгарылган. Ооган согушуна миңдеген кыргызстандыктар катышканын билебиз. Он миңдеген мекендештерибиз  жакындарынан - уулунан, бир туугандарынан, аталарынан ажырады.

Биз бүгүн ошол согушта берген антын бек сактаган, өз өмүрүн курмандыкка чалса дагы мекен алдындагы ыйык милдетин аткарган жоокерлерге таазим этебиз!

Кыргызстан эли үчүн өткөн 25 жыл оор сыноолордун мезгили болду. Бирок өлкө башына кыйынчылык түшкөндө - Баткен окуяларында, 2010-жылдын Апрель жана Июнунда жоокер-ооганчылар биринчи болуп жардамга келип жатышты.

Урматтуу жоокер-интернационалчылар!

Советтик аскерлердин Оогандан чыгарылгандыгынын 25 жылдыгы менен куттуктайм! Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм. Кыргызстаныбыз гүлдөп-өнүгө берсин!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан