Ачык айтылбай келгени менен, эркектер психо-социалдык колдоого муктаж. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда КРнын Социалдык өнүгүү министрлигинин коллегиялык жыйынында Кудайберген Базарбаев билдирди.
Анын айтымында, аялдарга салыштырмалуу эркектердин 89 пайызы ичкиликке берилип кетишкен. Кургак учук менен ооругандардын 59 пайызы, өзүн-өзү өлтүргөндөрдүн 76,7 пайызы эркектер.
“Бул пайыздык көрсөткүчтөр эмнени айтып турат? Эркектерге бала кезинен берилген жоопкерчилик көп болгондуктан, алар бардык нерсени ичине жашырып, психологиялык жактан соккуга дуушар болушууда. Мындан улам алар турмуштун оор кырдаалына туруксуз болуп, ар кандай көйгөйлөрдү чечүүдө чечкинсиз болушууда. Аларга жардам көрсөтүү үчүн Тоңдо жана Караколдо эркектер үчүн кризистик борборлор ачылды. Бул кризистик борборлорго кайрылган эркектерге психолог, социолог кеңешин айтып, оор абалдан чыгуу үчүн колдоо көрсөтүлөт”, - деди Кудайберген Базарбаев.