Бишкек – Кара-Балта унаа жолун кеңейтүүгө 100 миллион доллар бөлүнүүдө. Муну бүгүн, 14-февралда Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди. Маалыматка таянсак, акчанын 65 миллион доллары насыя, 35 миллион доллары грант катары Азия өнүктүрүү банкынан алынганы жатат. Бул акчага жолдун 52,5 чакырымы кеңейтилмекчи.
“Бишкек – Кара-Балта унаа жолун кеңейтүү үчүн техникалык-экономикалык негиздөө жана долбоорду даярдоо иштери аяктады. 2014-жылдын биринчи кварталында КРнын Каржы министрлиги менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда макулдашууга кол коюу пландалууда”,- деп билдирет министрлик.