Жамшит Калилов: “Түндүк-түштүк кошумча унаа жолу курулса, автобус менен жүргүнчү ташууга жол ачылат”

Түндүк-түштүк кошумча унаа жолу курулса, жүргүнчүлөрдү автобус менен ташууга жол ачылат. Муну бүгүн, 14-февралда “Республика” фракциясынын жыйынында “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо жана изилдөө институтунун директору Жамшит Калилов билдирди. Айтымында, жаңы трассанын көпчүлүгү тегиз аймактардан өткөндүктөн, унаалар кыйналбайт.

“Чынында, кошумча жолдун багытын аныктоо кыйын болду. Бир нече варианттарды карап чыгып, акыры ушул долбоорго токтолдук. Бул жол Камбар-Ата-1 ГЭСине жакын жерден өтөт. Ошондой эле "Кара-Кече" көмүр кенине жакын өтөт. Кенден көмүрдү Бишкекке түз алып келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Түштүктөгү жашоочулардын Ысык-Көлгө барып-келиши 600 чакырымга кыскарат. Убакыттан да утушат. Ушундай жагдайларды эске алып, ушул вариантка токтодук”,- деди Калилов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан