Бишкек: 2014-жылы Токтогул-Некрасов көчөлөрүнүн кесилишине көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулат

Бишкектеги Токтогул-Некрасов көчөлөрүнүн кесилишине 2014-жылы көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулат. Муну бүгүн, 14-февралдагы “Республика” фракциясынын жыйынында Бишкек шаарынын вице-мэри Төрөбек Имашов билдирди. Айтымында, унаа токтотуучу жайдын курулушу менен "Ош базарынын" айланасындагы унаа тыгындары азаят.

“Шаардагы унаа тыгындарын азайтуу үчүн "Ош базарынын" айланасындагы Сокулук, Кара-Балтага каттаган 700 кичи автобусту автобекетке чыгардык. 2013-жылы 80 троллейбус алынып келинди. 2014-жылы 100 троллейбус алып келүү пландалууда. Муну менен шаардагы жүргүнчү ташыган кичи автобустардын саны кыскарат”,- деди вице-мэр.

Имашов учурда Бишкек шаарында 6500 жол белгиси бар экенин да билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан