Бишкектеги айланып өтмө жолду Сосновкага чейин узартуу пландары бар

Бишкектеги айланып өтмө жолду (объездная) Сосновкага чейин узартуу пландары бар, бирок долбоордун жакын арада ишке ашуусу күмөн. Муну бүгүн, 14-февралда “Республика” фракциясынын жыйынында “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо жана изилдөө институтунун директору Жамшит Калилов билдирди. Жыйында депутат Кенжебек Бокоев “Бишкек - Кара-Балта жолун кеңейтпей, айланып өтмө жолду Сосновкага чейин узартсак болбойт беле?” деп суроо берген эле.

Жамшит Калилов: “Бишкек – Кара-Балта жолу талапка жооп бербей калды, ошондуктан оңдоп-түзөөгө муктаж. Келечекте айланып өтмө жолду Сосновкага жеткирүү планы бар. Жол Чоң Чүй каналын бойлоп же тоонун түбү менен өтөт”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан