Ош. Жол кырсыгынан 8-класстын окуучусу көз жумду

12-февралда саат 02:30 чамасында Бишкек - Ош жолунун 650-чакырымында Өзгөн районунун 22 жаштагы тургуну өзүнүн Тойота Алтеза үлгүсүндөгү унаасында бара жатып жол кырсыгына кабылган. Рулду башкара албай жолдон чыгып даракты сүзгөн. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаев билдирди. 

Маалыматка ылайык, унаанын ичиндеги Өзгөн районунун жашоочусу, 8-класста окуган Н.Н. менен 20 жаштагы А.Н. денесинен жараат алышкан. Ош облустук ооруканасына жетпей 8-класстын окуучусу жолдо каза болгон. Тергөө иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан