Бишкек - Ош жолунан 5 жыл кийин оңдолгон Талас - Суусамыр жолу бузула баштаганын айтышты депутаттар

“Республика” фракциясынын 14-февралдагы жыйынында депутат Кенжебек Бокоев Бишкек - Ош жолунан 5 жыл кийин оңдолгон Талас - Суусамыр жолу бузула баштаганын айтты. “Ош - Бишкек жолу анчалык эмес, эмне үчүн кийин оңдолсо да Таластан Суусамырга чейинки жолдун асфальты бузулуп кеткен?”- деди ал.

Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Абдимамат Мурзабеков аталган жолго бир кабат гана асфальт төшөлгөнүн айтты. Айтымында, климаттык шартка жараша аталган жолго бир кабат асфальт төшөө туура эмес.

Депутаттар бул маселени карап чыгыш керектигин айтышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан