Ош. Кара-Суу районунда дарыгерлердин шалаакылыгынан жаш балага ВИЧ оорусу жуккан

Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну И.Г. аттуу жаран Ички иштер башкы башкармалыгына арыз менен кайрылган. Анда 2010-жылдын 23-25-март күндөрү Кара-Суу районунун балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн дарыгерлери өз милдеттерин так аткарбаганына байланыштуу 2006-жылы туулган И.А. аттуу кызына ВИЧ оорусун жуктургандыгы жазылган. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Ош ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда бул иш боюнча тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери текшерүү ишин жүргүзүшүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан