2013-жылы жалпы узундугу 280 чакырым сел өткөрүүчү каналдар, дарыянын нуктары тазаланып, жээктерди бекемдөө иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, алдын алуу чараларынын негизинде 13 492 турак жай, 5273,7 гектар айыл чарба аянты, 95,509 чакырым ички чарбалык жолдор, 11 ички чарбалык көпүрөлөр, 7 мектеп, 4 бейтапкана, 5 көрүстөн, 8 административдик имарат сакталган.