Бүгүн, 14-февралда Ош технологиялык университетинде эмгектенген Ооган согушунун ардагерлери Совет аскерлеринин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 25 жылдыгына карата жетекчилик тарабынан сыйланышты. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди. Бүгүнкү күндө аталган окуу жайда эки ардагер иштейт.
Маалыматка ылайык, окуу жайдын жетекчилиги тарабынан акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылып, алардын кылган эмгеги унутулгус экендиги айтылды.