Ош шаарынын көчөлөрүндөгү ичимдик жана тамеки өңдүү жарнамалардын ордуна келечек ээси болгон окуучулардын сүрөттөрү илинди. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Мектеп окуучуларынын арасында өзгөчө зээндүү, шыктуу окуучулардын жөндөмүн өнүктүрүүгө жана кызыкчылыктарына колдоо көрсөтүү, окуучулардын атаандаштыкка жарамдуулугун өнүктүрүү максатында сынак өткөрүлгөн.
Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана мэриянын колдоосу менен 9-класстардын арасындагы сынактын жеңүүчүлөрүнүн сүрөттөрү шаардын И.Раззаков, Ленин, Курманжан датка жана А.Масалиев көчөлөрүндөгү жарнак такталарына илинди.
Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси К.Кимсанов: "Билимдүү жаштар – келечекке шам чырак!» дегендей, мындай иш-аракет окуучулардын жаркын келечекке болгон ишенимин бекемдеп, андан ары да жигердүү аракеттенүүсүнө өбөлгө түзөт",- дейт.