Ош. Роза Отунбаева Ош мамлекеттик университетинин жамааты менен жолугушту

13-февралда экс-президент Роза Отунбаева жана билим берүү, илим министринин орун басары Догдургүл Кендирбаева Ош мамлекеттик университетинде окутуучулар жамааты менен жолугушуп, университеттин “Зирек” балдар бакчасындагы балдарга түзүлгөн шарттар менен таанышып чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ОшМУнун жыйындар залында өткөн жолугушууга өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, Ош шаардык мэриясынан өкүлдөр да катышышты.

Роза Отунбаева балдарды кенже жаштан тарбиялоонун маанилүүлүгүнө жана бул багытта өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы, бала бакчалардын, жалпы эле билим берүүнүн ишин жакшыртуу үчүн жасалып жаткан жумуштар, инсанды тарбиялоого арналган жаңы программалар, усулдар боюнча кеңири иш алып баруу керектигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан