Ош технологиялык университетинин студенттерине чет мамлекетте окуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү

Бүгүн, 14-февралда Ош технологиялык университетинде “Qlobal UQRAD” программасынын негизинде студенттер үчүн семинар болуп өттү. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.  

Эл аралык уюм тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаранын негизги максаты - студенттерге башка мамлекеттерде окуп билим алууга шарт түзүү жана окууга жөнөтүү.

Семинардын жүрүшүндө жогорудагы окутуу программасы тууралуу түшүндүрмө берилди. Чет өлкөдө окууну каалагандар атайын сынактан тандалып алынышат.

Жеңүүчүлөр Армения, Азербажан, Беларусь, Казакстан, Молдова жана Орусия Федерациясынын жогорку жана орто окуу жайларында окуп келүү мүнкүнчүлүгүн алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан