14-16-февраль күндөрү кечке жуук Бишкектин түштүк кичи райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, электр жарыгынын кыска убакка өчүрүлүүсү төмөнкү аймактарда күтүлөт:
14-февраль
18:30дан 20:30га чейин 7-кичи районунун айрым аймактарында;
20:30дан 22:30га чейин Асанбай кичи районунун жана “Ататүрк” багынын айрым аймактарында;
22:30дан 00:30га чейин 6-кичи районунун айрым аймактарында;
15-февраль
18:30дан 20:30га чейин 6, 10-кичи райондорунун айрым аймактарында;
20:30дан 22:30га чейин 5, 7-кичи райондорунун айрым аймактарында;
22:30дан 00:30га чейин 4, 5, 9-кичи райондорунун айрым аймактарында;
16-февраль
18:30дан 20:30га чейин 7-кичи районунун айрым аймактарында;
20:30дан 22:30га чейин “Асанбай” кичи районунун жана “Ататүрк” багынын айрым аймактарында;
22:30дан 00:30га чейин 5, 6-кичи райондорунун айрым аймактарында.