Жогорку чыңалуудагы “Абдыкалыков” көмөк чордонундагы ашыкча жүктөлүүнү азайтуу максатында Бишкек шаарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасы бүгүн, 14-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, саат 18:30дан 20:30га чейин 7-кичи районунун бир бөлүгүндө, 20:30дан 22:30га чейин Асанбайда, 22:30дан 00:30га чейин 5-6-кичи райондорунун бир бөлүгүндө электр жарыгы жок болот.